Бүгүнкү күндө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 4071 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.
Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 676 адам жатат.
Кыргызстанда жалпысынан 895 адамдан коронавирус илдети табылган. Анын ичинен 637 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ