Кыргыз Республикасынын бийликтери Ооган согушунун катышуучуларына колдон келген жардамын, камкордугун берип келет. Бирок, ошол эле кезде көзү өткөн ардагерлердин жубайлары да ошондой эле камкордукка муктаж болушууда. Бул тууралуу Ооган согушунун катышуучуларынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Абдусамат Абдурасулов билдирди.
Анын айтымында, илгери Ооган согушуна катышып келгендерге мамлекет тарабынан айрым камкордуктар, жеңилдиктер берилип жатат. Бирок, ошол эле кезде көзү өткөн ардагерлердин жубайларына да ошондой эле жеңилдиктер каралышы зарыл.
-Бизге мурда отун-суу, электр кубаты, унаа, дары-дармек чыгымдары, санатордук-курорттук дарыланууга жолдомолор жеңилдетилген тартипте же акысыз берилип келген. Кийин алардын баарын кошуп, айына акчалай 6 миң сомдон компенсация берүү жагы чечилген. Биз аз же көп деп айткыбыз келбейт, мүмкүнчүлүккө карап берилип жатат да. Бирок, ардагердин көзү өтүп кетсе, бардык бериле турган жардамдар, жеңилдиктер токтотулат. Бул туура эмес, себеби ардагердин артында калган жубайы деле жардамга муктаж, аларга берилип турушу зарыл. Биз ушул маселе боюнча жогорку органдарга кайрылганы жатабыз, – дейт ал.
Эскерте кетсек, жалалабаддык Ооган согушунун ардагерлерине жергиликтүү бийликтер жергиликтүү бюджеттен да жеңилдиктерди карашкан. Жылына бир жолу ардагерлерге 700 сомдон, ал эми ден-соолук жагынан мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө 1000 сомдон берилип турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ