Menu

“Банщик” Жеңиш Алмаматов жаңы кызмат орунга жетүү үчүн $30 000 бергенин айтып мактанганы кандай?!

Бөлүшүү:

Акча баардыгын чечип, акыл экинчи орунга сүрүлүп, билим, тажрыйба дегендер роль ойнобой жаткан мезгилде жашап турсаң эч нерсеге деле таң калбай калат экенсиң. Мындай көрүнүштөр күн санап маңдайыңда «жаркырап» жанып турса эмне жаңылык деле болбой калат тура. Айталы дегенибиз, ордолуу Ош шаарында «Баншик» деген каймана аттуу Жеңиш Алмаматов деген эрен бар. Аталган аймакта жаңыдан таасири артып бараткандардын бири катары сүрөттөлүп келет. Акчалуу эме окшобойбу, «Баарын сатып алам» – деген девиз менен жашайт экен. Алмаматов Ош шаарындагы «Жылуу Суу» мончосунун ээси. Мончо иштеткендигинен улам жогорудагыдай «кличкалуу» болсо керек да. Албетте, ар ким мыйзам жолунда өз каражатын таба берсин, ага ич тарлыгыбыз жок. Бирок, бизге жогору жактан бизге жеткен маалыматка караганда Жеңиш Алмаматов «Ош Электро» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп кызматка аттанып келе жатыптыр. Келе жатпай эле чечилип дагы калыптыр. Албетте, кур аякка бата жүрбөгөндөй эле Жеииш мырза дагы бул орунга жетүү үчүн 30миң АКШ долларын бергенин тар чөйрөдө айтып мактанганы кандай?! Муну Жеңиш мырза өзү тактап, чын же жалган деген пикирин айтат дей туралы: Ал эми эгер айтылгандай аталган кызмат орун акчага сатылып жаткан болсо анда мыйзам жолун булар уруп ойнобогондукка, паракорлукка, кызмат орунду соодалоого барып жаткан болушабы? Баса, мурунку иштеген жеринде да бир иштердин учугу чыгып, кылмыш иш козголгонун кулагыбыз чалды. Бул боюнча кызык кептер болчудай…

Булак: Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: