Menu

Видео – Равшан Жээнбековдун сотуна туугандары да кире албай, кыйкырып жатышты…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда экс-депутат Равшан Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна алынып келинди. Саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызы жабык эшик артында өтүүдө. Шаардык соттун имаратынын алдына Равшан Жээнбековдун тарапташтары чогулуп, “Акыйкатты талап кылабыз!”, “Жалган жалаа жапканды токтоткула!”, “Равшан Жээнбековго азаттык” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Сотко саясатчынын үй-бүлөсү, тарапташтарынан тышкары активист жарандар Адил Турдукулов, Аманбол Бабакулов келди.

Эске сала кетсек, 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.

 Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: