Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын алгандан бери бринчи жолу медиа башчыларын баарлашууга чакырды. Ага 40тай журналист катышты. Жолугушууда өлкө башчысы: «Менин бир туугандарым менден эч качан кызмат сурашпайт. Алардын ар биринин өздөрүн багып кетүүгө жетиштүү жумушу бар. Менин ага-инилерим бийликке аралашпайт. Мен алты жылдан кийин элимдин көзүнө уялбай карап, мекенимде жашагым келет» – деп билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, коомчулукта көп сөз болуп жаткан иниси Асылбек Жээнбеков (Жогорку Кеңештин депутаты) анын артынан эч кандай иштерди жүргүзбөйт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ