Бишкекте жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 2.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
31-декабрь күнү жаңы жылдык концертте “Ала-Тоо” аянтында эстрада ырчылары: Аяна Касымова, Иса Омуркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гульжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен, Марс Мамаев ырдашат.
Шаар тургундары Ала-Тоо аянтынан тѳмѳнкү каттамдар менен үйлѳрүнѳ кете алышат:
— №2, Ала-Тоо аянты – Аламүдүн – району;
— №4, Ала-Тоо аянты — Кожзавод;
— №7, Ала-Тоо аянты — Тунгуч кичи району;
— №8, Ала-Тоо аянты — Ак-Өргө конушу;
— №10, Ала-Тоо аянты — Асанбай кичи району;
— №14, Ала-Тоо аянты — Жал кичи району
— №14, Ала-Тоо аянты – Киркомстром;
— №17, Ала-Тоо аянты — Асанбай кичи району, Карл Маркс көчөсү аркылуу;
1-январда 74 троллейбус саат 8:00дон кечки саат 20:00го чейин иштейт.
Борбор калаадагы муниципалдык автобустар: №7, 38, 42, 36 жана маршруттук каттамдар: № 103, 136, 225, 243, 199, 143, 219, 129, 135, 210, 222, 224, 227, 260, 104, 170, 216, 139, 164, 179, 212, 240, 258, 185, 269 дагы кечке чейин иштешет
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ