Бишкек – Ош унаа жолунун 258 чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрь күнү билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек – Ош жолунда “Тойота Секвойя” жана “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 43 жаштагы аял жана 20 жаштагы кыз жабыр тарткан. Аларга куткаруучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.
Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ