Эртең, 4-январда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору бүгүн, 3-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптап, жолдор тайгак болот. Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт.
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт, түнкүсүн кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус, күндүз +2…+4 градус болот.
Чүй облусунда: түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Талас облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Баткен облусунда: түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;
Ош жана Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда: түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ