Аламазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кремлдин дубалынын боюндагы Александров багындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.
Гүлчамбар койгондон кийин Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.
Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин аскердик оркестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ойноду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ