Бүгүн, 9-январда Бишкектин 12-кичирайонунан “Көлмө” конушуна каттаган №5 автобус каттамынын токтоп калышы боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйынга юрист Бактыбек Маматов жана демилгечи топтун мүчөлөрү: Калыбек Иманкулов, Айбек Тургуналиев, Аида Султаналиева, Сүлөсүн Тотонова катышып, автобусту кайра каттатып берүүнү талап кылышты.
Анда Сүлөсүн Тотонова сөз сүйлөп жатып, “Болот Тезекбаев 5-автобусту каттатабыз” деп элди сүйүнтүп, кайра аны токтотуп коюп күйүнтүп койду, муну баары коррупцияга байланыштуу”,- деп аны күнөөлөгөн. Бул жыйынга катышкан Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болот Тезекбаев бул маселе боюнча, жыйындын аягында журналисттерге түшүндүрүп берди. Аны төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот:
Эске сала кетсек, 2016-жылы, 16-декабрда Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишмердүүлүктү ишке ашыруу тууралуу мемарандумга кол коюшкан. 2018-жылдын 6-декабрында муниципалдык маршрутту 5 жылга пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, былтыр, 23-июлда башкармалык келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу билдирүү жасашкан. Анын себебин ачыктаган эмес. 2019-жылдын 25-декабрында № 5 автобустук маршруттун каттамын белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ