Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат: “Күзүндө туура эмес шайлоо болсо, эл көчөгө чыгып, дагы бир төңкөрүш болуп кетпейби деген коркунуч бар”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Кубанычбек Исабеков алдыдагы шайлоо жана азыркы парламент боюнча ой-пикирин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Жыл жаңырып, 2020-жыл да келди. Күзүндө Жогорку Кеңештин шайлоосу турат. Бул Жогорку Кеңештин депутаттары улам жылдырып олтуруп Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизебиз болуп, эч кандай жыйынтык чыкпай артка жылып келе жатат. Мындай боло берсе кайдагы реформа, кайдагы өзгөрүү болот? Ошол эле азыркы депутаттардын бир тобу 7 пайызды 9га чыгарышкан. Эми кайра 7ге түшүрөлү деп сунуштап жатышат. Эркектик кылып жок дегенде, 5 пайызга түшүрүү керек. Себеби, жалаң байлар, акчалуулар жана бийликтегилердин партиялары гана өтүп, калгандары кала береби? Эгер элдин үнү угула турган болсо, элдин мүдөөсү чечиле турган болсо, жок дегенде 5 пайызга же 3 пайызга түшүрүү керек эле. Ошондо көбүрөөк партиялар болуп, чөнтөгү калыңдар эмес, эл арасынан суурулуп чыккан, жакшы программасы бар жөнөкөй жарандар дагы барып, эл-журттун оорун жеңил кылып, туусун бийик көтөрө турган эр-азаматтардан барса жакшы болор эле. Бул Жогорку Кеңеш өзүнүн вазыйпасын аткара албай жатат. Же болбосо бийликтин эле буйругун карап, кылчактап турат. Анда булар дагы эркекче намысы болсо тарап кетиши керек эле. Президент дагы мамлекетти алдыга жылдырам десе, Өкмөт дагы жеке меркантилдик кызыкчылыгын ойлобостон Жогорку Кеңешке Шайлоо Кодексине өзгөртүүнү сунуш кылышса болоор эле. Эгер мындай болбосо, жаз эмне менен бүтөт, күзүндө туура эмес шайлоо болсо, эл көчөгө чыгып дагы бир төңкөрүш болуп кетпейби деген коркунуч бар. Өткөн жылы көптөгөн депутаттар: “Конституцияда жазылып турат”,- деп убакытты өткөзүп жиберишти. Жогорку Кеңештин Конституцияга дагы өзгөртүү киргизүүгө акысы бар. Эмне үчүн аны жасашкан жок? Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура эмес жерлерин оңдоп, жакшыга алып бара турган мыйзамды кабыл алса жаман болобу? Ошол себептен, элди ойлосок күзгү шайлоого мамлекеттик деңгээлде элдин мүдөөсү аткарыла турган кодекс менен барсак жакшы болор эле деп ойлойм“,-деп жазган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: