Бул тууралуу 10-январда муниципалитет өзүнүн сайтына маалымат берди.
Октябрь райондук акимиаттын кызматкерлери Орто-Сай базарындагы жана Юнусалиев, Суеркулов жана Безымянная көчөлөрүндөгү мыйзамсыз соода болтурбоону кайтарып келишет.
9-январда 10 жерди аныктап, жарандар менен түшүндүрмө иштерин жүргүзүшкөн. Экинчи ирет кайталашса, атайын протокол түзүлүп, айып пул салынарын эскертишкен.
Мындай рейддер күнүгө 24 саат бою болуп турмакчы.
2-категориядагы айып пулга ылайык, мыйзамсыз соода кылган жеке тараптарга – 3 миң сом, юридикалык тараптарга – 13 миң сом айып салынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ