Menu

ИИМ: Бажы кызматынын 37 жаштагы кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-январь күнү ИИМдин Укук коргоо органдары тарабынан Бажы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-январь күнү билдирди.

Алардын айтымында, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КРнын кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында бажы кызматтынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы баасы 253 500 АКШ доллары турган тамеки “бажы транзити” процедурасында мыйзамсыз катталганы боюнча факт аныкталган. Бул транзит Латвиядан Кыргызстан аркылуу Ооганстанга бараткан имиш.

Аталган факт боюнча кечээ, 9-январь күнү КР Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын 1982-жылы туулган М.Б. аттуу кызматкери кармалды. Ал убактылуу жайга киргизилди.

Аталган факт боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: