Бул тууралуу эмиграцияда жүргөн журналист Адилет Айтикеев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. Анын айтымыда, качкын президенттин мааракеси Зураб Церетелинин искусство галереясында өтүп, көп меймандар келген.
“Мааркенин биринчи бөлүгү концерт залында Орусия музыканттарынын чыгышы менен өттү”, – деп жазат Адилет Айтикеев.
Кыргыз жылдыздарынан Асанкан Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестринин директору Алмаз Истамбаев ырдаган. Ошондой эле сахнага Орусия мамлекеттик сыйлыктын ээси, Орусия эл артисти, Москва мамлекеттик филармониясынын солисти Николай Луганский менен Мариин театрынын солисти Аскар Абдразаков чыккан.
Меймандардын арасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Райымкул Аттокуров, ЖКнын экс-депутаты Курманбек Осмонов, парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев жана укук коргоочу Токтоайым Үмөталиева болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ