Menu

Кыргыз УКМКсы тажикстандык укук коргоочунун жубайын кармады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тажикстандык укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеваны 2-октябрдын түнү Стамбулдан Бишкекке учуп келгенде кармап кетти. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Жанета Хамзаеванын кармалганын анын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиева да ырастады. “Кылым шамынын” өкүлдөрү окуянын чоо-жайын билүү максатында атайын кызматка баргандыктарын айтышты. Азырынча УКМК Хамзаеванын кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Маалыматка караганда, кармалган аялдын күйөөсү Собир Валиев Тажикстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири. Өткөн жумада ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында тажик бийлигин катуу сындаган. Азыркы кезде мекенине бара албай чет мамлекетте жүрөт. Анын жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева Кыргызстанга ооруп жаткан энесине каралашуу үчүн келгени кабарланды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: