Menu

“Мекенчил” саясый партиясы парламенттик шайлоого катыша тургандыгын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин колу менен БШКга билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июлда КР Борбордук шайлоо комиссиясына 4-октябрда боло турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуу ниетин билдирген “Мекенчил” саясый партиясы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин колу менен билдирүү келип түштү. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Партия шайлоодогу ишенимдүү өкүлү катары Рысбаева Асел Алишеровнаны, ал эми каржы маселелери боюнча ишенимдүү өкүлү катары Төлөгөнова Аида Бейшеналиевнаны дайындаган.

КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 1, 2 бөлүмүнүн 60-беренесине ылайык партиялардын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин түзүү жана жылдыруу шайлоо башталган күндөн тартып, шайлоого 45 күн калганга чейин же болбосо 2020-жылдын 20-августуна чейин улантылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: