Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облусттук маанидеги бирден заманбап имарат курууну тапшырды. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” маалымат агенттиги жазды.
Президент ким эмне саларын унутуп калбаш үчүн кагазга да жазып алган. Алар: “Базис-А” курулуш компаниясынын жетекчиси Александр Белович театр салып берерин айтса, ERG компаниясынын жетекчилеринин бири миллиардер Патох Шодиев түрк элдеринин музейин курарына сөз берди. “КазМунайГаз” компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Сауат Мынбаевге заманбап стадион куруп берүү милдеттендирилди. Ал эми “BI Group” холдингинин башчысы Айдын Рахимбаев казак хандарынын, бийлеринен жана баатырларынын борборун салып берүүгө сөз берди. “Хайвилл Казакстан” курулуш компаниясы Түркестанга заманбап турак-жай комплексин белек кыла турган болду. “Қазақстан темір жолы” улуттук компаниясына Жаштар ордосун салып берүү милдеттендирилди. “KEGOC” акционердик коому Ахмед Ясавинин чакан музейин куруп берет. Стол тенниси федерациясынын башкы катчысы Данияр Абылгазин суу спорту комплексин салып берүүгө милдеттеме алды. Курамына “Astana Motors” менен “Mega Development” компаниялары кирген “Astana Group” холдингинин ээси Нурлан Смагулов автосалон ачып бере турган болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ