Бүгүн, 26-мартта саат 10:44тө Тажикистан менен Өзбекстан четкешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ