Menu

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Курманжан Датка” ордени жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Курманжан Датка” ордени жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын “Курманжан Датка” орденинин статуту, сүрөтү жана сыпатталышы 1-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Курманжан Датка” орденинин

СТАТУТУ

1. “Курманжан Датка” ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргызстан элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн жарандар сыйланат.

2. “Курманжан Датка” ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.

3. “Курманжан Датка” ордени көкүрөктүн сол жагына “Манас” орденинен кийин тагылат.

                                                                                    “Курманжан Датка” орденинин

СЫПАТТАЛЫШЫ

“Курманжан Датка” ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз.

Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.

Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, – түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында “Курманжан Датка” деген жазуу бар. Улуттук оюу жана “Курманжан Датка” деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.

Улуттук оюу жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын аралыгында алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат.

Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын  диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм.

“Курманжан Датка” орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: