Menu

Фоторепортаж — Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдыгы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы тууралуу «Сот адилеттиги — өнүгүүнүн өзөгү» видеотасмасын көрсөтүү менен башталды.

Президент өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Мамлекет башчысы ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу кректигин, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл экенин баса белгиледи.

«Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чарада Мамлекет башчысы бир катар судьяларга, сот системасынын ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: