Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундары 16 мм болгон “ИЖ-18” үлгүсүндөгү 2 стволдуу сайсыз мылтыкты, 16 мм калибрлүү “ИЖ-18” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды жана 28 калибрлүү сайсыз бир ооздуу ок атуучу куралды аймактык милиция кызматына өз ыктыярлары менен тапшырышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми Аксуу, Өзгөн райондорунун жергиликтүү жашоочуларынан мыйзамсыз сактап жүрүшкөн ок атуучу куралдары милиция тарабынан табылып алынган. Бүгүнкү күндө алынган курал жарактарга экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери уланууда.
ИИМ эскертет: Мыйзамсыз курал саткандар, ташыгандар, куралдын негизги бөлүктөрүн жанына алып жүргөндөр, ошондой эле курал-жарактарды даярдагандар жана оңдогондор, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ