Menu

Восток айылында милициянын таяныч пункту ачылды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 2-июль күнү Аламүдүн районунун Восток айылында аймактык милициянын таяныч пунктунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги К. Джумагазиев, Аламүдүн районунун акими К. Чодуров, Аламүдүн районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Р. Бектембаев, Лебединовка айыл аймагынын башчысы А. Солтонов, аксакалдар сотунун төрагалары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Милициянын таяныч пунктун куруу жана баардык шарттарын түзүп берүү үчүн жумшалган каражаттар жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылган. Аталган милициянын таяныч пункту 7 миңден ашуун жарандын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иш алып барат. Чүй облусунун ИИББнын башчысы К.Джумагазиев, учурда Чүй облусунда 72 аймактык милициянын таяныч пункту жана милициянын аймактык бөлүмчөлөрү жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барышууда. Мындай курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясынын улуттук долбоорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын ИИО реформалоо жөнүндөгү жобосунун алкагында ишке ашырылууда.

Милиция кызматкерлерине курулуп жаткан таяныч пункттар алардын эл менен тыгыз иш алып барып, жарандардын арыз-даттанууларын убагында кабыл алып, кылмыштарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачууда өзгөчө мааниге ээ болот. Айыл тургундары менен милиция кызматкерлерин байланыштырган пунктта тартип бузууларды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп, жарандарга юридикалык кеңештер берилет- деди К.Джумагазиев. Буга чейин Восток айылынын жашоочулары милицияга арыз менен кайрылуу үчүн Аламүдүн районунун ИИБнө чейин барып, көп убакыттарын жолдо өткөрүшсө, аймактык милициянын таяныч пункту жергиликтүү тургундардын маселелерин ыкчам чечүүнү ишке ашырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: