Menu

Фото – КРнын эл артисти Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Бөлүшүү:

Кыргыздын улуттук маданияты менен искусствосу оорду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин театр өнөрүнүн корифейлеринин бири, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сатыбалды Далбаев сексен беш жаш курагында дүйнө салды.

С.Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1952-жылы Жалал-Абад шаарындагы мектеп-интернатты бүтүрүп, ошол эле жылы Москва шаарындагы мамлекеттик А. В. Лунучарский атындагы театр өнөрү институтуна (ГИТИС) өтөт.

Студенттик мезгилден тартып эле С. Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген.

1957-жылы ГИТИСти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) артист болуп кабыл алынат.

Ошол кезден тартып дээрлик 60 жылга чукул мезгилдин ичинде С. Далбаевдин чыгармачылыгы ушул театрдын сахнасында өткөн.

Театрда эмгектенген алтымыш жылга чамалаган мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган 100 дөн ашуун спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

Нукура реалист жана интеллектуал актер катары С.Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев сыяктуу алгачкы карылгачтарынан тартып, кийинки муундун атактуу артисттери Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров, Асанбек Өмүралиев, Гүлшара Дулатва, Зоя Молдобаева, Мираида Далбаева, Жамал Сейдакматова, Болот Шалтаевдердин катарында турат.

С.Далбаевдин актердук табиятын, театр иликтөөчү А.Жунушов минтип мүнөздөгөн: “Сатыбалды Далбаевди башка актерлордон айырмалап турган бирден-бир сапат анын интеллектуалдык ажары, ийкемдүү, элпек мүнөзү болуп эсептелет. Актердун кубакай жүзү, мүнөзүнө чечкиндүүлүк берген жазы маңдайы, ишенчээк мээримдүү көзү, анын сахнада ойной турган каармандарын күн мурунутан эле белгилүү кылып тургандай таасир калтырат”.

С.Далбаевдин чыгармачылыгына абай салганыбызда, репертуарында У.Шекспир, А.Н.Осторвский, Н.Хикмет, Ч.Айтматовдой дүйнөлүк адабияттын, театрдын алптарынан тартып Т.Абдумомунов, Б. Жакиев, М. Байжиевге чейинки кыргыздын чыгаан калемгерлеринин чыгармаларында жаралган жаркын образдардын бүтүндөй бир эстен кеткис галереясын көрөбүз.

Айрыкча С.Далбаевдин чыгармачылык жолунда Н.Погодиндин, К.Паустовскийдин, И.Поповдун, К.Маликовдун чыгармалары боюнча коюлган совет мамлекетинин негиздөөөчүсү В.И.Лениндин образын жаратуу бактысы туш келип, дүйнөлүк пролетариаттын көсөмүнүн ролун дээрлик 20 жыл бою театрдын сахнасында тынымсыз ойногон. Бул орбаздан тышкаары да С.Далбаев Чыгыш эли гана эмес бүтүндөй дүйнөгө таанымал, орто кылымдын чыгаан акындарынын бири Омар Хаямдын, кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмери Т.Усубалиевдин, элибиздин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун образдарын да өтө ийгиликтүү жараткан. Булардан сырткаары актер ойногон “Күнөөсүз күнөөлүүлөрдөгү” Незнамов, “Балдар бойго жеткендеги” Маке, “Жамийладагы” Сейит, “Алтын аяктагы” Миңжашар, “Уурдалган өмүрдөгү” Эйдзи, “Мүрөктүн суусундагы” Кырбаш , “Трибуналдагы” Комендант, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайдагы” Карыя ж. б. ролдору улуттук сахна өнөрүбүздүн көөнөргүс классикасы болуп саналышат.

Кыргыз элинин көркөм маданияты менен театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, С.Далбаев 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыган. Эгемендүүлүккө жетишкен элибиз да сыймыктуу артисттин эмгегин татыктуу баалады: 2000-жылы өзү туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке айылдаштары С.Далбаевдин ысымын ыйгарышкан, ал эми жалпы мамлекеттик масштабда ага үчүнчү даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы берилген. Ошону менен бирге С.Далбаев “Руханият” жана Айтматов эларалык сыйлыктарынын, түрк тилдүү элдердин жогорку медалынын да ээси.

Кыргыз элинин сыймыктуу уулу, залкар талант С. Далбаевдин элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: