Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мэр, акимдер менен иштеше албай, ички нааразычылык күчөп баратканын кайда жашырабыз? Редакциябызга толгон тоголок арыздар келүүдө. Жазгы талаа жумуштары алга жылбай, элеттиктер кыйналып, арыз-муңдарга облустук жетекчилик тыңгылыктуу жооп бере албаганы эмнени билдирет? Коомчулук менен Сатыбалдиев камыр-жумур иштеше албаганы, карапайым калктан алыс болгону да көптөгөн суроолорду жаратат. Эске салсак, буга чейин да Жалал-Абад менен Өзбекстандын чек-ешкен бир топ аймактарында чек ара көйгөйлөрү чыгып келген. Бул жаатта кандай иш-аракеттер жүрүүдө? Эң башкысы, облус жетекчисин алдындагы акимдер, кызматкерлери сыйлабаса, тымызын араздашуулар болуп келсе, аягы кандай бүтөт? Акүй билермандары ушул жагынан көзөмөлдү күчөтүшү зарыл.
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ