Menu

Тажик парламенти президентти шайлоо тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулайт

Бөлүшүү:

Шаршембиде Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Президентти шайлоо тууралуу» мыйзамга сунушталган негизги өзгөртүүлөрдү талкуулайт.

Депутат Саиджафар Усмонзоданын билдиришинче, жыйында өлкө башчы Эмомали Рахмондун президенттикке талапкерлигин чектөөсүз санда көрсөтүүсүнө укук берүү жана талапкерлердин эң төмөнкү курагын 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүү маселелери каралат. Анын айтымында, 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган бул өзгөртүүлөр дале «Президентти шайлоо тууралуу» мыйзамга киргизиле элек.

Талдоочулар талапкерлердин жаш курагын төмөндөтүү — 2020-жылы Рахмондун улуу баласы Рустами Эмомалинин президенттикке талапкерлигин коюусуна шарт түзүү үчүн сунушталган деп эсептеп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: