Россиянын Калининград шаарында бильярддын кураштырылган пирамида түрү боюнча эл аралык чоң мелдеш аяктады. Мелдеш шаар башчылыгынын кубогуна арналган. Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Литва, Беларусь, Украина мамлекеттеринин мыкты 32 таш аткычтары катышып, бизден барган Дастан Лепшаков аттуу жигитибиз турнирди багынтты. Ал финалдык мелдеште орус таш аткыч Александр Чепиковдун “талпагын” ташка жайып, 6:1 эесебинде утуп алган. Бизден барган Азиз Мадаминов аттуу экинчи жигитибиз чейрек финалга чейин жетип, татыктуу 5-орунду камсыз кылды.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ