Алып баруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашты. Жана ал саясий партиядан чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, алып баруучу “Биримдик” партиясынын катарында депутаттыкка талапкер катары шайлоого ат салышкан.
“Бүгүн барып партиядан чыгуу арызымды бердим. Күйөөм менен ажыраштым. Аллах мага күч берсин!
Учурдан пайдаланып, мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма чоң ыраазычылык билдирем“, – деди ал.
Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Акбермет аттуу бир кызы бар.
https://www.instagram.com/p/CF9m4LDHykb/?igshid=16acxjxqblrbb
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ