Menu

Аида Касымалиева, вице-спикер: “Регионализм деген оорудан алыс, талантты баалаган жаштар иштеп калса, “Азаттык” дагы да бийик деңгээлге чыгат деген терең ишеничтемин”

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосунун айланасындагы акыркы окуяларда менин да атым бир нече жолу аталгандыктан, өз пикиримди билдирип койсом.

“Азаттык” радиосунда 10 жылдай өмүрүм өттү: жакшылыгында да, жамандыгында да бирге болдум. Менин жетишкен ийгиликтеримдин башаты – “Азаттык”. Жасаган радио, теле передачалардын, тарткан кинолорумдун, алган сыйлыктарымдын баш булагы да – дал ушул радио.

Ал жердин эмгек жамааты өзгөчө, ар биринин өзүнө жараша кадыр баркы, таланты, өнөрү, , эл арасында урмат сыйы бар. Андыктан ал жердеги эмгек жамаатын сыйлайм жана урматтайм, ар дайым байланыштабыз.

Ал эми менин “Азаттык” радиосунан иштен кеткеним, бул менин жашоомдогу алдыга карай жылууга себепкер болгон күн. Аны ким кандай чечмелебесин, ал күн мен үчүн бир тарых, мен андан өзүмө жакшылык кана күтө алдым.

Сөз эркиндиги – бирден бир баалуулук. Журналисттердин коомдогу орчундуу орду тууралуу азыр баарыбыз ойлонуп жаткан кезибиз го. Сөз эркиндиги ушак эмес, бизге аба менен суудай жетишпей жаткан – объективдүүлүк.

Аймактарда, шаарда жаштар менен жолугушууга барганда, көздөрү жанган, идиреги күчтүү жаштар “Азаттык” радиосунда иштөөнү кыялдангандарын көрүп, абдан кубанам. Алар эртең эле эр жетип, регионализм деген оорудан алыс, талантты баалаган жаштар иштеп калса, “Азаттык” дагы да бийик деңгээлге чыгат деген терең ишеничтемин.

Аида Касымалиева, ЖКнын вице-спикери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: