Menu

Атамбаев коррупцияга каршы күрөшкөнбү же коррупционерлерди өзүнүн кызыкчылыгына пайдалаганбы?

Бөлүшүү:

Саясий айдыңда Мээрбек Мискенбаев аттуу “клоун” пайда болгондон бери зерикпей калдык. Ал ЖК депутаты болуп турганда куудулдардын оозун ооздуктагысы келгени менен тамашага алынып, бир эле куудулдун берген жообу менен “күм-жам” болгон эле. Ошол эрен жакындан бери кайрадан “сахнага” чыга баштады.

Ал адегенде борбор калаабыздагы “Форум” ишканасынын имаратынын алдында Аксы окуясын эскерүү иш чарасын уюштуруп, анда президент С.Жээнбеков жана анын иниси, ЖК депутаты А.Жээнбековго жөнсүз асылып кеткен. “А.Жээнбеков “эгер агам президент болуп шайланса, мен депутаттык мандатымды өткөрүп берем” деген. Эми өткөрүп берип, биздин катарга кошулсун”,- деген талабын койгон. Бирок, андай убада А.Жээнбеков тарабынан берилбегенин, аны өз кулагы менен укпаганын билген сон, кийинчерээк “Талас облусунда эл менен жолугушууда Фарид Ниязов ошентип айткан”,- деп чыккан. Ошентип кыска убакыт аралыгында эле эки ача сөз сүйлөгөн М.Мискенбаевдин жоругуна учурда коомчулук нааразы болуп турат.

Жогорку Кенешке депутат болуп келгенге чейин жада калса “Эмгек китепчеси” да жок болгон Мискенбаев көрсө чыныгы коррупционер экени экспрезидент А.Атамбаевдин убагында эле билинген экен. Муну ал өзү жетектеген “Айкөл Ала-Too” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн ошол кездеги президент А.Атамбаевге, ЖК торагасына, баш прокурорго жана УКМК башчысына жазган кайрылуусу тастыктап турат. Ал кайрылууда жазылган фактьшарга таянсак, М. Мискенбаев ошол убакта өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, “Айкөл Ала-Too” коомдук бирикмесине деп бөлүнгөн 5 миллион сомго чукул каражатты “сиңирип” алган.

Кайрылууда аталган уюм жыл сайын “Форумдун” имаратында жыйналыш өткөрүшөөрү, ошол жыйын-дардын биринде “Айкел Ала-Тоо” уюмунун текшерүүчү комиссияеынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча М.Мискенбаев жана анын орун басары А.Жамгырчиевдин коррупциялык иш-аракеттери ашкере болгондугу жазылат. Биз ошолорду бир четинен санап берели.

“Айкел Ала-Too” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн социалдык колдоого алуу максатында “Транс Азия уголь Компани” ЖЧКсы тарабынан 2 миллион 136 мин 120 сомдук көмүр кайтарымсыз түрдө берилген. Бирок, муну М.Мискенбаев жана анын орун басары экөө гана жакындары менен бөлүшүп алышкан. Чындыгында көмүргө муктаж коомдук бирикменин мүчөлерүнө бир тоголок да көмүр тийген эмес.

Мындан сырткары “Айкел Ала-Тоо” менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ортосунда 2015-жьшдын 30-январынан 2016-жыддын 23-мартына чейин тракторду ижарага алуу (коомдук бирикмеге тиешелүү трактор) боюнча келишим түзүлгөн. Жалпысынан “Айкел Ала-Тоого” 225 000 сом төлөнүп берилген. Ал акчадагы кайда кеткени белгисиз.

“РСК Банк” ААКсынын маалыма-ты боюнча 2014-жылдын 24-апрелинде коомдук бирикменин счетуна “Кумтор Голд Компани” ЖАКсынан 100 000 сом акча финансылык жардам катары которулган. Ошол эле 2014-жылы 7-майда “Чакан ГЭС” ААКсынан 6 миң сом финансылык жардам катары которулган. Ошол эле жылы 1-августта ЖК терагасынын резервдик фондунан 500 мин сом материалдык жардам катары берилген. Ал акча каражаты тизмеде-ги 12 адамга берилмек болгон. Бирок, анын болгону Мискенбаев менен Жам-гырчиевге гана жакындары, анын өкүл балдары же жердештери гана жардам ала алышкан. Ал эми тизмедеги Жусупов Кыпчак, Каныметов Нурбек, Омуралиев Эмильбек, Кубанаев Темирбек, Алимбеков Тынчтыкбек, Мамасалиев Бахтияр, Орозалиев Авазбек, Касаболотов Нурлан, Чыйлдаков Нурбек дегендер бир тыйын да алышкан эмес. Аларды жөн гана пайдаланып коюшкан.

Ал эми 2015-жылдын 13-апрелинде “Б. К. 3” ЖЧКсынан демөөрчүлүк жардам катары беш миң сом коомдук бирикменин счетуна которулган. Андан эки күндөн кийин 15-апрелде Президенттик фонддон социалдык коргоо жана колдоо максатында 270 000 сом которулган. Ошол эле жылдын 13-апрелинде Кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык балдар аянтчаларын куру үчүн жардам катары аталган коомдук бирикменин счетуна 800 мин сом которулган. Ал акчанын эсебинен үч балдар аянтчасы курулган. Эгерде алардын ар бирин 150 миң сомдон деп эсептесек (анча каражат деле кетпейт), анда 450 миң сом сарпталган. Ошондо калган 350 миң сому кайда кеткен?

Ошентип жалпы жонунан 4 953 247 сом каражат кайда кеткени белгисиз. Муну “Айкел Ала-Тоо” коомдук бирик-месинин мүчөлөрү конкреттүү факты-лар менен жазып, А.Атамбаевдин өзүнө да кайрылышкан. Бирок, А.Атамбаев тарабынан эмнегедир жооп болгон эмес. Болгону М.Мискенбаев депутат-тык мандатын тапшырып берген.

Эмне учун убагында Атамбаев дуга көңул бурган змес? Чыныгы коррупция ушул жерде жатканы кврунуп турбайбы. Же ал мунун баарына көзүн жумуп, Мискенбаевди взунун кызыкчылыгына пайдаланып келгенби? Балким азыр дагы “былыктарыңды чу куп коем ” деп коркутуп, өзүнүн кызыкчылыгы учун пайдаланып жаткан жокпу?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: