Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова карантин боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, бирок, аларды сактабагандар болсо, жоопкерчиликке тартыларын айтты.
Ал үй карантинине алынган адамдар эл чогулган жерге барбай, 14 күн үйүндө болушу керектигин белгиледи.
“Аларга биздин дарыгерлер барып, ден соолугун карап турат. Же кайсы бир учурда өзү дагы чалып айтып туруш керек” – деди вице-премьер-министр.
Карантиндеги адамдарга түшүндүрмө кагаздары берилерин айтып, ал жакта эмнени кылууга болот, эмнеге тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.
Ал карантинди атайын бузгандар КРнын Жазык кодексинин Бузуулар жөнүндө кодексин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартыларын айтты.
“Айрым кишилер карантинди сактабай, башкаларга коркунуч алып келсе, албетте жоопкерчилликке тартылыш керек” – деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ