Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери адамдын өлүмүнө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 16-мартта болжол менен саат 08:33тө Аламдүн РИИБне Кара-Жыгач айылына бара жаткан жолдо адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу Кара-жыгач айылына барып, болжол менен 40-45 жаштагы азиат түспөлдөгү эркек кишинин сөөгүн табышкан.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгында, маркумдун баш сөөгү жана бир нече кабыргасы да сынганы, муунтуп өлтүрүлгөнү айтылган. Кийинчерээк маркумдын өздүгү такталган. Ал Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун 51 жаштагы Н.С. аттуу тургуну болгон.
Ыкчам тергөө иштердин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.Д. аттуу жаран кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум шектүүнүн өгөй атасы болгон. Окуянын бардык жагдайлары териштирилүүдө.
Кармалган шектүү убактылуу кармоочу абагына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ