Menu

Соцтармактарда Фарид Ниязовдун түшүндүрмө каты пайда болду

Бөлүшүү:

Бул катта Фарид Ниязов төмөнкүлөрдү орусча жазган, биз кыргызча берип жатабыз:

“Мен, Ниязов Фарид Абилезимович, журналисттер менен жолуккан эмесмин жана Хабибула Абдыкадыр жөнүндө интервью берген эмесмин. Анткени мен СИЗО-1де камакта олтурам. Басма сөз жыйынын өткөргөнгө жана маек бергенге эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок.

Өз колум менен жазылды жана бул кат анык экенин тастыктайм. Ф.А.Ниязов, кол тамгасы. 25-ноябрь, 2019-жыл”.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка олтуруп жаткандагы салтанатта “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган ишкер Х.Абдыкадырдын инаугурацияда олтурган сүрөтү күдүң сөздөрдү жараткан. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева С.Жээнбековдун инаугурациясын уюштурууда Атамбаевдин аппараты иш алып барганы, жаңы президентке тууган-туушкандарын гана чакырууга уруксат берилгени жөнүндө билдирүү кылган. Анан эле Атамбаевдин тушунда президентик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов дал ушул Х.Абдыкадырды Жээнбеков тууганы катары чакырганын айтып чыккан эле. Эми минтип кайра Ф.Ниязовдун аны четке каккан билдирүүсү жарыяланып олтурат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: