Menu

Ырчы Гүлзинат Суранчиеванын күйөөсү Ралис Касанов милициядан эмне үчүн кызматтан кетирилген…

Бөлүшүү:

Айрым маалыматтык агенттиктерде, пара талап кылгандыгына айыпталган ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Ралис Касанов кызматынан айдалгандыгы мыйзамсыз деп табылгандыгы боюнча маалымат тараган. Ралис Касанов кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултууга жана опузалап талап кылгандыгы үчүн кызматынан кетирилгендигин билдиребиз.
Бүгүнкү күнү Ралис Касановдун кызматтан кетирүүсүн райондук сот мыйзамсыз деп таанып, бирок ИИМ биринчи инстанциянын чечими боюнча даттануу арызын жиберген. Бишкек шаардык соту Биринчимай райондук сотунун токтомун күчүнө калтырганы менен бүгүнкү күнү атуулдук иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кароодо. Акыркы чечими кабыл алына электигине байланыштуу ал кызматына кайрадан орношуу мүмкүн эмес.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын маалыматы боюнча Р. Касановго карата жакында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматында Р. Касанов Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын 2003-жылы 23-ноябрында ЧИ №563 сериялуу берилген аскер күбөлүгүнүн ордуна берилген убактылуу күбөлүктү жасалмалоо жолу менен, 2005-жылы 15-июлда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча батальондун күзөт тескөөчүсү ишине мыйзамсыз орношкон. 2019-жылдын 26-февраль күнү жогорудагы фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башка кылмышты жашыруу менен аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалма расмий документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, Р. Касановго берилген убактылуу күбөлүк, мурда Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган Ш. Лировго 2005-жылы 17-январда Чи №563 сериясы менен берилгендиги такталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жасалма расмий документти жашыруу жана өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында милициянын ага лейтенанты Р. Касанов МАККББнын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча 7-взводунун тескөөчүсү кызматында учурунда 2010-жылы 29-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук аскер комиссариатынан Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин буйруктарын бузуу менен А. №340101 сериялуу аскердик билетти Ысык-ата РАКта алтернативдүү кызмат өтөгөндүгү жөнүндө тастыктаган документтери жок туруп Ысык-Ата райондук аскер комитетинин 2003-жылы 23-ноябрында Чи №563 сандуу берилген жасалма убактылуу күбөлүгүнүн ордуна мыйзамсыз алган.
Ошонун негизинде Р. Касанов документтерди жасалмалоо жолу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка орношуп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды бузууга алып келген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылы 31-майында чыккан буйругуна карабастан Р. Касанов кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуп жүргөндүгү аныкталып, анын жашаган жерин текшерүү учурунда табылып алынган.
Андан сырткары, азыркы учурда Р. Касановдун Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча учурда 2018-жылы 18-декабрында №1333- ХII сандуу “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы бузулгандыгы боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Анткени анын ата-энеси Казакстан Республикасынын жарандары болушат. Учурда иликтөө уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: