Menu

Депутат Өмүрбек Бабанов БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабековага кызматын тапшырып кетүүнү сунуш кылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелелер боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрайымы, КСДПчы Асел Кодуранова комитеттин мүчөлөрүнө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алып келген мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранды.

“Бул мыйзам долбоору Участкалык шайлоо комиссиялары менен Аймактык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө эмгек акы төлөп берүүнү киргизет. Эгер бул мыйзамды тезинен кабыл алып бербесек шайлоо комиссияларында эч ким иштебей калат. Баары иштен баш тартып, УИК менен ТИКтен кетип жатышыптыр”, – деди Асель Кодуранова.

“Бул мыйзамды шашылбай окуп караш керек. Анткени бул жерде эмгек акыдан башка да көп олуттуу нормалар бар экен. Добуш сатып алууга жоопкерчилик күчөтүлүп жатыптыр. Айып пул эмес, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы киргизилиптир. Шашпай карайлы”, – деп сунуш кылды “Республика-Атажурт”  фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов.

“Биз шайлоо комиссия мүчөлөрүнө эмгек акы төлөөгө укуктук негиз боло турган  бул мыйзамды ушул жуманын аягына чейин өткөрүп албасак, иштеген адамдарды кармап кала албайбыз, баары кетип калышат. Бизде 23,7 миң УИК жана ТИК мүчөлөрү бар, алардын баары азыр ушул мыйзамдын кабыл алынышын күтүп жатышат”, – деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

“Эгер сиз УИК менен ТИКтин мүчөлөрүн кармап кала албасаңыз андан ордуңузду бошотуңуз, аларды кармап кала ала турган адамга бериңиз. Биз буга чейин парламенттик шайлоолорду жана президенттик шайлоону да мындай мыйзамы жок эле өткөрүп келгенбиз. Баары эле сонун иштешкен. Анын үстүнө азыр комитетте кворум жок экен, баары бир чечим кабыл алалбайбыз”, – деди Бабанов.

“Эмнеге кворум жок? Бул жерде 5 депутат олтурат, дагы 4 депутат ишеним кат таштап кетишкен. Демек кворум бар”, – деди КСДПчы төрайым Асел Кодуранова. Бирок, Өмүрбек Бабанов “чача-пача” дегендерди уккусу келбегендей чыгып кетип калды.

Өмүрбек Бабановдун БШКнын төрайымын жана башкаруучу КСДП фракциясынан дайындалган комитеттин төрайымын мыйзам ченемдүү иш жасоого аргасыз кылганы, башкаларчылап бийлик эмнени айтса эле колдой бербегени жана өткөн жумаларда башкаруучу коалицияга кирбей койгону бул анын көз карандысыз, өз алдынча саясат жүргүзө ала турганын көрсөтүп койду.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: