Menu

Депутат абакка маңзат алып кирүүгө аракет жасаган

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областында Арал айылдык кеңешинин 43 жаштагы депутаты абакта жазасын өтөп жаткан тууганы менен жолугушуу үчүн кирип бара жатып, текшерүү маалында кармалды.

Маалыматка караганда, Арал айылдык кеңешинин депутаты Жалал-Абад шаарындагы №10-Жаза аткаруу мекемесине маңзат алып кирип бара жатканда дароо токтотулуп, акыры тинтилди.

– Мекеменин кызматкерлери аны токтотуп, анан гана дыкаат текшеришкенде, кийип жүргөн кийиминен кургатылган анаша табылды,- дейт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү. – Бул фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 247-беренеси (“Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү, же берүү”) менен кылмыш иши козголду.

Шектелүүчү ушул тапта үй камагына алынып, тергөө амалдары башталды.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: