Menu

“Минтип отурсак, кыргыздын соңку саясатына кийинки муундар жакшы баа беришпейт го?”

Бөлүшүү:

Коомдук-саясый жана мекенчил күчтөр уюштурган «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталган курултайда Жогорку Кеңештин ишине «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди. Бул баага парламенттин көпчүлүк депутаттары чычалашты. Алар курултайдын уюшулушунун өзүн сындап, «конкреттүү эч кандай маселе көтөрүлгөн жок» дешүүдө. «Курултайда Жогорку Кеңештин ишмердигине «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди. Кандай кабыл алдыңыз?» деген суроо узатып, айрым эл өкүлдөрүнүн оюн уктук.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:

– Курултайдын чечими менен таанышкан жокмун. Бирок, кантип иштебей жатат, эмнени аткарып, эмнени аткарган жок, эмне жетишпестик же кемчилик бар – конкреттүү айтышса болмок. Парламент – конституциялык орган. Конституцияга ылайык вазийпасын аткарып жатат. Айрым саясатчылардын оюна келгенин аткара албасак эле парламент иштебей жаткан болуп калабы? Биз деле оппозицияда жүргөнбүз. Азыр оюбузду парламенттен айтып жатабыз. Жөн эле каралаган саясый маданиятка жатпайт. Сындагандан көрө, «стабилдүүлүккө, мамлекеттин илгерилеши үчүн эмне салым кошо алабыз, эл турмушу канткенде жакшы болот?» деген пикирлерди көбүрөөк айтсак жакшы болот эле. Минтип отурсак, кыргыздын соңку саясатына кийинки муундар деле жакшы баа бербейт го?

Алтынбек Жунус уулу, «Өнугүу-Прогресс» фракциясынан ЖК депутаты:

– Курултайда айтылган, көтөрүлгөн маселелердин баарын уктук. Курултай – элдин оюн айтуучу аянтча. Бирок, кечээки курултайда Жогорку Кеңешке кире албагандар, шайлоодон өтпөй калгандар, Акаев, Бакиевдин убагында чоң-чоң кызматтарда иштеп, эми кызматсыз калгандар чогулуп алыптыр. Анан Жогорку Кеңешке баа бергени мага кызык болду. «Иш канааттандырарлык эмес» дешти. Парламент идеалдуу, мыкты иштеп жатат» дебейм. Бирок, региондорду аралап, шайлоочулар менен жолугушууга чыкканда «буга чейин депутаттарды көрчү эмес элек, силер келип, үнүбүздү угуп, көйгөйлөрдү көтөрүп жатасыңар» деп айтып жатышат. Саясат жагынан да, башка жагынан да шайлоодон кийин көп нерсе өзгөрдү. Мен ойлойм, курултайда айтылган сөздөрдүн айрымдарын эске алса болот.

Зарылбек Рысалиев, «Республика – Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты:
– Курултайы өттү, орчундуу эч кандай маселе чечилмек тургай, каралган да жок. Жөн эле өз ойлорун айтып алуучу аянтча болду да. Жогорку Кеңештин ишмердигине баа беришкени кызыктай сезилди. Парламенттин ишине баа бергенге убакыт келе элек. Экинчиден, бааны ошо курултайда отургандар эмес, бөлөк кишилер берсе болмок. Таанымал эле кишилер, бирок, алар жөн эле койсо болмок. Кыргызда сөз бар «жакшы карыптыр», «жаман карыптыр» деген. Жакшы карыганы өз ишин билет, башкага киришпейт, а жаман карыганы келининин ишине деле кирише берет, билсе-билбесе деле баары-жокко мокок оюн айта берет. Жанагы курултайдагы кишилер «жаман кишилердей болбой, жакшы бойдон калышса» деп азыр деле кеңеш берет элем. Кимдерди айтып атканымды билесиңер. Ал кишилердин баары эле билип турушат, азыр саясый абал кандай экенин. Президенттин колунан келген учурда деле бир күндө баарын оңдоп-жасап коё албайт да. «Президенттин ишин аванс катары канааттандырарлык деп таптык», «убакыт бердик» дегени туура эмес, чагымчылдай баа катары көрүнүп жатат мага. Азыр бирөөнү коркутуп, ультиматум коюп, «аткарасың, аткарбасаң…» деген заман өткөн. Ошону эске алышкан жок курултай уюштургандар.

Автор: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: