Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбоору боюнча Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов баяндама жасады.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору адистештирилген укук коргоо органы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жеке курамын теңештирүүнү кепилдендирүү жана социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен КР Салык кодексинин 167-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин кирешелерин киреше салыгын төлөөдөн бошотуу сунуш кылынат. Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын бир кызматкеринен жылына он тогуз миң сом киреше салыгы кармалат.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ