Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Талас облусунун Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 45 000 000 (кырк беш миллион) сом бөлүндү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ