Menu

Киевде саясий реформа үчүн акциясы аяктады

Бөлүшүү:

19-октябрда Украинанын Жогорку Радасы депутаттык кол тийбестикти алуу маселесин карайт. Бул шейшемби күнү Киевдин борборунда жана башка ири 10 шаарда өткөн саясий реформа үчүн деп аталган акция катышуучуларынын талаптарынын бири болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча Киев парламентинин алдындагы кагылышуулардан 4 киши, анын ичинде полиция кызматкери жабыркады.

Акция катышуучулары бийликке үч гана талап коюшкан: шайлоо реформасы (парламенттик шайлоолор пропорционалдык система менен ачык тизмелер боюнча өтүшү керек), депутаттык кол тийбестикти алуу жана Антикоррупциялык сот түзүү.

Акциялардын уюштуруучулары биргелешкен билдирүү жасашып, митингдер тынч жана натыйжалуу өткөнүн айтышты. Чатырлардан турган лагерь акция катышуучуларынын бардык талаптары аткарылганга чейин алынбай тургандыгы кабарланууда. “Украинская правда” билдиргендей, митингдин уюштуруучулары парламентке чатырларды киргизүүнү каалаган активисттерге каршы полиция өкүлдөрүнүн күч жана атайын каражаттарды колдонуусу сыяктуу айрым аракеттерин айыпташты.

Демонстранттардын саны эки миңден төрт миңге чейин болду деп эки башка маалыматтар айтылууда. Акция катышуучуларынын арасында Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары, Эркиндик партиясынын, Демократиялык альянстын, Улуттук корпустун мүчөлөрү жана өздөрүн еврооптимисттер деп атагандар болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: