Menu

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы абалды саясатташтырбоого чакырды

Бөлүшүү:

Казакстандын Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов кыргыз-казак чек арасындагы абалды саясатташтырбоого чакырды. Казак маалымат каражаттары кабарлагандай, министр «Евразиялык экономикалык комиссиянын принциптерин бузуу тууралуу» Казакстандын дарегине айтылган айыптоолорду негизсиз деп эсептейт.

«Менимче, кайсыл гана өлкө болбосун өзүнүн экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгы жаралса ички чараларды көрөт болуш керек. Мында абалды саясатташтырып, шашылыш ар нерселерди айтуунун кереги жок деп ойлойм. Жөн гана биздин жана кыргыз тараптын бардык кызыкдар органдары менен ыкчам иштерди улантып, көйгөйдү чечүүгө аракет кылуу керек», — деди Сулейменов.

Анын айтымында, Казакстан өз мыйзамдарынын жана ЕАЭБ боюнча алган милдеттенмелеринин алкагында аракет көрүүдө. «Каалаган тарап отуруп сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке кайрылууга укуктуу. Мен өкмөттөр аралык кеңеште, комиссиянын кеңешинде чечим консенсус жолу менен гана кабыл алынарын белгилеп кетким келүүдө. Тагыраагы, кайсыл бир тарап сунушталган жолдор менен макул болбосо, анда чечим кабыл алынбайт. Ушуну эске алуу керек», — деди Сулейменов.

16-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы кошумча көзөмөлдүн киргизилишине байланыштуу Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылганын билдирген.

«Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет, ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда», — деп жазылган Кыргызстандын Экономика министрлигинин билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: