Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу толук салынып бүтсө, Жумгалдагы 39 ар кандай тоо кендерине, Тогуз-Тородогу 11 тоо кендерине жол ачылат экен. Өкмөт мына ушул жагын эсептеп чыгып, кол ушалап жаткан чагы. Өкмөт тараткан маалыматта ошол 51 кен казылып баштаса, эки райондун экономикалык-социалдык жашоосу укмуштай көтөрүлүп кетет экен. Дароо эле ушинтип асманды сүйлөшөт, кен казуудагы лицензия сатуу, казуудагы коррупцияны айткысы жок. Чу дегенде эле бу бийлигиң, эл кызыкчылыгын тебелеп салып, өз кызыкчылыгы менен инвестордун “илибой” кызыкчылыктарын ишке ашырып олтуруп, акыры ал аймактардагы кендерге да Кумтөр, Жер-Үйдүн кебетесин кийгизгенге ашыгышат эмеспи…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ