Menu

Темир Сариев бийлик талапкерин колдоп чыкса, анын урматына чоң кызмат берилеби?

Бөлүшүү:

Оппозициячыл мүнөздөгү саясатчылар Темир Сариев менен коштошуп кетишкени коомчулукка жар салынды. Алар Элмира Ибраимова, Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов ж.б. Сыры неде? Бизге жеткен маалымат боюнча, Темике өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп туруп алганы, президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыкпаганы, анан өзүн гана жогору сезип, саясый тилектештерин экинчи планга таштаганы «ажырашуу расмисине» негиз болуптур. Ошого катар каржылык ресурстун да какшыганын айтышууда… Кызык, башында эле биригүүлөр болуп атканда позицияларын такташып алышса не? Аламандын марасы жакындаганда, албетте, Сариевге мындай жүрүш жарашкан жок. Кандайдыр бир деңгээлде алсырай түштү. Эми мындан аркысы кандай болот? Айрым «узун кулактардын» баамында, Темир мырза жакынкы күндөрдө президент менен жолугушуп, бийлик талапкерин колдоп чыгууга бел байлайт экен. Ошонун урматына чоң кызмат берилеби?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: