Ичип-жегени билинип, кылмыш иши козголгондо Кыргызстандан куйрук түйүп качып кеткен Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов жанданды. Четте туруп алып өзүн-өзү социалдык тармактар аркылуу мактаттырып, улам жаңы сүрөттөрүн байма-бай жарыялап убара. Эми болсо өзүнүн “Улуттар биримдиги” партиясын алдыдагы шайлоого даярдай баштады. Сыягы, Ак үйдөн жакшы жышаан, белги берилген окшойт. Партиянын катчылыгына Клара Сооронкулова келди. Азырынча башка көрүнүктүү деле кишиси жок. Убагында өнөктөш болгон Искендер Гаипкулов «Ата Мекенден» депутат болуп отурат. Сыягы, келе жаткан шайлоого канчалык умтулбасын, марага жетпеси белгилүү. Болгону соодалашууну көздөп жатканы көрүнүп турат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ