Алмазбек Атамбаев куйтуларды катуу жазалаарына сөз берди жана ага убактысы жетээрин айтты. Бул туурасында ал бүгүн, 30-августта Бишкек ТЭЦинин модернизациядан кийинки ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, азыр көпчүлүгү, Атамбаев кеткенден кийин бардыгы өзгөрөт деп ойлоп жатышат. Андай болбойт. Өлкө таза жана өнүккөн болуш керек, анүчүн “өлкөнүн элитасын тазалоо керек”. Атамбаев сөз карылар жана жаштар жөнүндө эмес экендигин белгиледи, себеби жан дүйнөсү чириген жаштар дагы бар.
“Эгерде өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат. Муну дайыма эстеп жүрүү керек, жаңылып калбаш үчүн. Бир жарым айдан кийин кыргызстандыктар жаңы президентти тандашат. Мен билем, азыр бийликке Атамбаевдин курсун уланткан кишини алып келбеш үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө”, – деп билдирди Атамбаев.
“Албетте, коммерциялык Кыргызстанды көргүсү келген адамдар бар, аны менен акча табууну каалашат, бирок ал нерсе болбойт. Азыр айтып атышат, бийлик административдик ресурс колдонуп жатат, тигиндей-мындай деп. Бул кайсы бир себеп менен өлкөдөгү ситуацияны 15-октябрдан кийин дестабилдештирүү үчүн болуп жатат. Бирок мен баарына эскертким келет. Мен 1-декабрга чейин бул өлкөнүн президентимин. Биздин өлкөнү дүрбөлөңгө салгысы келгендерди катуу жазалоого мага убакыт жетет”, – деп дагы коркутту Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ