Menu

Бишкек шаарындагы базарларды дезинфекциялоо иштеринин графиги

Бөлүшүү:

Бишкекте жайгашкан бардык базаларда жума сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет кайсы күнү кайсы базар дезинфекцияга жабылары тууралуу графикти жарыялады.

Свердлов районунда 35 базар жана кичи базар бар. Алар ичинен “Дордой”, “Дордой” (автотетик), “Мурас-спорт”, “Жунхай-Дордой”, “Форт” (“Оберон”), “Алкан”, “Ак-Суу”, “Кербен”, “Евразия”, “Алтын-Тоо”, “Делюкс”, “Дордой-Спорт”, “Аламүдүн”, “Алдаяр”, “Таш-Рабат-1,2”, “Техномаркет” жана “Эталон курулуш” базарларында жуманын дүйшөмбү күнү дезинфекция иштери жүргүзүлөт.

Ал эми “Ак Эмир”, “Үйго Жарашык”, “Ыйман”, “Мега Комфорт” жарманкеси, “Аалам”, “Чолпон”, “Шар-Чебер ТЭБ”, “Көк-Сай”, “Арпа ОсОО “КААР”, м/р “Айдин” базарларында ар шейшемби күндөрү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Ал эми шаршемби күндөрү болсо, “Курама-сан” (“Чынар”), “Мадина”, “Таалай” бзарлары дезинфекцияланат.

Бейшемби күндөрү “Бабакан” жана “Эдиз” (“Улар”) базарлары дезинфекцияланат.

Октябрь районунун Орто-Сай базарында дезинфекция үчүн дүйшөмбү күнү жабык болот.

Биринчи май районунун аймагында жума сайын “Азиз” дүң соода базарында дезинфекция жүргүзүлөт. Ал эми “Сары-Өзөн” базарыны ар дүйшөмбү күнү жабык болот.

“Кудайберген” авто унаа тетиктери базарында дезинфекциялоо иштери жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 6:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ленин районунун аймагында 24 базар жана кичи базар бар, алардын 17си Ош базарынын аймагында. Алардын бардыгы: “Ош” базарлары жана “Дордой Дыйкан” соода борборлору, “Боорукер” кичи базары, “Элит-Строй”, “Жумушчу”, “Баткен Комфорт”, “Уста” курулуш базарлары – дүйшөмбү күндөрү убактылуу жабылат.

“Бишкек шаарындагы базарларга баруу зарылчылык болуп жатса, бардык санитардык нормаларды сактоону суранабыз, жеке коргонуу шаймандарын колдонуу зарыл. Эгерде муктаждык болбосо, коомдук жайларга барбаңыз, үйдө болуңуз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!” – деп шаардык мэрия жарандарга кайрылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: