Menu

Казакстанда сот терроризм үчүн соттолгон аялдын күнөөсүн жеңилдетүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Алматы райондук соту “диний кастыкты козутуу”, “терроризмди пропагандалоого” айыбы менен түрмөдө отурган Жанна Умированын калган жазасын тышта өтөө боюнча доо арызын канааттандырган жок.

Умирова 2017-жылы июнда беш жылга эркинен ажыратылган. Ал жазаны жеңилдетүүнү, үйүндо жашы жете элек балдары менен бирге болууну сураган.

Жанна Умирова отурган аялдар түрмөсүнүн администрациясы сот учурунда анын артыкчылыктары жок экенин, тескерисинче 11 жолу эскертүү алганын билдирди. Мамлекеттик айыптоочу Умированын жүрүм-турумуна оң баа берилбегендиктен, анын доо арызын канааттандырууга каршы чыкты.

Жанна Умированын эки баласы таенесиникинде тарбияланууда. Күйөөсү Жакшибек Биймурзаев терроризмге күнөөлөнүп, 25 жылга кесилген, он жылдан ашуун убакыттан бери түрмөдө отурат.

Умирова социалдык түйүндөр аркылуу тыюу салынган диний материалдарды таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Жанна Умированын ишин Казакстан Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Акыркы жылдары терроризм же аны үгүттөө айыбы менен ондогон казакстандык түрмөгө камалган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: