Москаванын бийлиги коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү максатында убактылуу оорукана курат. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар бүгүн, 16-мартта жазып чыкты.
Москва шаарынын мэринин орун басары Андрей Бочкаревдун айтымында, медициналык имараттардын курулушу 18-мартта башталат.
Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин айтуусу боюнча, жаңы инфекциялык оорукана тез курула турган конструкциялардан курулат. Аянты 40 гектар болгон оорукана Голохвастово айылынын жакын жерде жайгашат. Оорукана 500 бейтапка пландаштырылган.
Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – COVID-19 экени аныкталган. Учурда коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ