Түркияда өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова жана Марсбек кызы Назира алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу балбан кыз өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.
11-12-январда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн YASAR DOGU эл аралык турниринде Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасы катышып, эки алтын жана бир коло медалга ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Марсбек кызы Назира (59 кг) алтын медалды утуп алышты. Алэми коло медалдын ээси болуп Медет кызы Айпери (76 кг) табылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ