Испаниянын футбол федерациясы бу жолу турнирдин форматын өзгөртүп, кубок үчүн 4 күчтүү команда ат салышты. Турнир Сауд Аравиясында болуп өттү.
Жарым финалда “Реал” “Валенсияны” 3:1 эсебинде, ал эми “Атлетико” “Барселонанын” 3:2 эсебинде утуп алды.
Финалда “Реал” менен “Атлетико” ойноп, он бир метр тебүүгө чейин жетишип, машыктыруучу Зидандын оюнчулары ийгиликтүү тебишти.
Ошентип “Реал” клубу өз тарыхында Испания Суперкубогун 11-ирет жеңип алган кербези.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ