Бишкекте үйлөнүү максатында кыз ала качып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январь күнү билдирди.
Алардын маалыматында, 2019-жылдын 29-ноябрында Бишкектеги Октябрь райондук ИИБне Ш.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, азиат түспөлүндөгү белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү Көк-Жар кичи районундагы тигүүчү цехтердин биринен Р.Э. аттуу кызды ала качып кетишкен.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестире катталган, КРнын Жазык кодексинин 175-беренеси (эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качуу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Октябрь райондук милициянын кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Т.У. аттуу жигит кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ